​Жүргүнчүлөр тирүүлөй күйүп кетти

8-Сен. 2017, Жума, 10:29

Ысык-Көл областында жол транспорт кырсыгынан жеңил унаа өрттөнүп ичиндеги жүргүнчүлөр күйүп кетти. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык 8-сентябрь күнү таңкы саат 04:27де Балыкчы-Ананево-Каракол унаа жолунун 112-чакырымында Григоревка жана Кашат айылдарынын ортосунда болгон. Кырсыкка кабылган “Lexus-RX-300” үлгүсүндөгү жол тандабас унаасы жогорку ылдамдыкта бара жатып жолдон чыгып бир нече жолу ала салып кеткен. Кырсыктан улам унаа өрттөнүп ичиндеги айдоочу жана 3 жүргүнчү тирүүлөй күйүп кеткен.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!