​Сот коомчулуктун көзөмөлүндө болот

9-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 15:21

Өлкөдө сот залдарында камера коюлат. Бул тууралуу өкмөт башчы Сапар Исаков Кочкор районунун эли менен жолугушуу учурунда билдирди.

Өкмөт башчы Нарын областына болгон иш сапарында Кочкор районунун эли менен жолугушуу учурунда, соттордун адилетсизик иштерине нааразы болгон элдин суроолоруна жооп берип жатып:

“Ар бир сот залына камера коюлат. Бул иштер “Таза коом” долбоорунда эске алынган, ал ишке ашат. Сот чечимдери жарандарга кечигип берилип жатат, сот өкүмдөрүн 2-3 күндүн ичинде берүү жана аны интернетке жайгаштыруу маселеси чечилет”,-дейт Исаков.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!