Кыл калемчилердин кайрымдуулук сүрөт көргөзмөсү ачылды (фото)

Кыл калемчилердин кайрымдуулук сүрөт көргөзмөсү ачылды (фото)
11-Окт. 2017, Шаршемби, 16:23

Бишкекте сүрөтчүлөр Айбек Ишенбеков менен Данияр Жолдошбаевдин кыл калемине таандык картиналардын көргөзмөсү ачылды.

Уюштуруучулардын айтымында көргөзмөнү уюштуруунун максаты – сүрөтчүлөрдүн талантын элге таанытуу, экинчиден аутизм менен ооруган балдарга колдоо көрсөтүү.

Сүрөтчү Айбек Ишенбековдун айтымында, бул оору менен жабыркаган балдар арасында таланттуулары өтө көп.

“Кээ бир балдардын ата-энесинин колунда болсо, кээ бирлеринин мүмкүнчүлүгү чектелүү. Биз аларга картиналарды сатуудан түшкөн каражатты беребиз. Биздин колдообуз балдардын талантынын өркүндөшүнө себеп болот деп ишенебиз”,-деди.

Көргөзмөгө жалпысынан 40 чамалуу эмгек коюлган. Көргөзмө 20 күн бою уланып, сүрөттөрдү сатуудан түшкөн каражаттын бир бөлүгү аутизм менен ооруган балдарга жумшалат.

Төмөндө сүрөтчүлөр Айбек Ишенбеков менен Данияр Жолдошбаевдин колунан жаралган сүрөт дүйнөсүн сунуштайбыз.


Автобустар

Кыз Сайкал

Нарын суусу

Жайлоо

Жайлоо

Жашоо көз менен

Ажырашуу

Жамгырдан кийинки боз үй

Сүрөтчүнүн үйү

Сүрөтчү Данияр Жолдошбаев

Айбек Ишенбеков

Акбара менен Ташчайнар

Үркүн

Үркүн. Данияр Жолдошбаевдин калемине таандык бул сүрөттү тартууга алты ай убакыт кеткен

Чыңгыз Айтматов

Талаа гүлдөрү

Жер-жемиштер

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!