Чек арадагы кырдаалды көзөмөлдөө тапшырмасы берилди

11-Окт. 2017, Шаршемби, 17:20

Өкмөт башчы Сапар Исаков Кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл өтмөк пунктунда турган жарандарды чатыр жана ысык тамак менен камсыз кылуу тапшырмасын берди. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалга жана күндүн сууктап кетүү мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигине ошол жерде турган жарандарды чатыр жана ысык тамак, ичүүчү суу жана биодаараткана менен камсыздоо тапшырмасы берилди.

Саламаттыкты сактоо министрлигине медициналык жардам көрсөтө турган медициналык тез жардам дарыгерлер тобунун нөөмөтүн уютурууну тапшырган.

Ошондой эле Экономика министрлигине чек арада турган бат бузулуучу айылчарба азыктарын тартып бара жаткан жүк ташууч унаалардын санын аныктоо тапшырылды.

Эскерте кетсек, 10-октябрдан тарта “Ак-Жол”, “Ак-Тилек”, жана “Чоң-Капка көзөмөл өткөрмө пунктатарында эки өлкөнүн чек арадан өтүп жаткан жарандарынын топтолуп жаткандагы байкалууда. Расмий билдирүүгө ылайык көзөмөл пунктары штаттык режимде иштеп жатат

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!