“Адем” бийчилер тобу “Алтын баскыч” сыйлыгын алды

13-Окт. 2017, Жума, 13:36

Кыргызстандык “Адем” бийчилер тобу “Asia’s Got Talent” таланттар сынагында “Алтын баскычка” ээ болушту. Бул тууралуу “Адем” тобунун хореографы Атай Өмүрзаков өзүнүн интернет баракчасында бөлүшкөн.

Анын айтымында, “Адем” тобу аталган сынакта эң мыкты аткарылган номер үчүн сыйлыкка татыган.

“Адем” тобу Asia’s Got Talent сынагында Golden Buzzer алтын баскычты алышкан. Менин окуучуларым мыкты бий үчүн дүйнөнүн каалаган өлкөсүнө жолдомо алышты”,-дейт Өмүрзаков.

Аталган сынак Американын “America’s Got Talent” жана Россиянын “Минута славы” сынактарына окшош “Asia’s Got Talent” телешоу. Анда Азия континентиндеги 27 өлкөдөн талапкерлер катышып, баш байге 100 миң доллары үчүн күч сынашат.

Сынактын биринчи баскычында калыстар тобу тарабынан эң мыкты аткарылган номер үчүн катышуучуларга “Алтын баскыч” берилет. Бул ирээт “Алтын баскычты” кыргыз бийчилери жеңип алышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!