Казакстан: Кыргызстандын ЕЭКге кайрылуусу негизсиз

17-Окт. 2017, Шейшемби, 15:20

Казакстандын Улуттук экономика министри Тимур Сулейменов кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды саясатташтырбоо керектигин суранды. Бул тууралуу Tengrinews.kz маалымат агентиги билдирди.

Маалыматка караганда, Тимур Сулейменов пикиринде Кыргызстандын ЕЭКтин комиссиясына кайрылуусу негизсиз. Анын айтымында, Казакстан ички мыйзамдарына ылайык иш алып барып жатат жана ошол эле учурда биримдиктин баардык талаптарын аткарып жатат.

“Биримдиктеги баардык мамлекеттердин Евразия экономикалык кеңешке кайрылып биргеликте чечүүгө укугу бар. Өкмөттөр аралык кеңеште, комиссиянын кеңешинде туура чечим кабыл аларын белгилеп кетким келет. Башкача айтканда эгер тараптардын бири сунушталган чечимге макул болбосо чечим кабыл алынбайт. Ушуну эстен чыгарбаш керек”,-дейт Сулейменов.

Эскерте кетсек, Кыргызстан Казакстандын чек арадагы өткөрмө бекеттерде кошумча көзөмөл чараларын киргизиши Евразия экономикалык биримдигиндеги келишимдин максаттарына жана негизги принциптерине каршы келерин белгилеген. "Казакстан товар ташуу эркиндигин чектеп, бирдиктүү ЕАЭБ базарынын негизги иштөө принциптерин бузуп жатат" деген жүйө менен Евразиялык экономикалык комиссиясына кыргыз-казак чек арасы боюнча маселе ЕЭКтин коллегиясынын жакынкы жыйынында каралышы шарт экендиги тууралуу кат жөнөткөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР