Айып пулдан 1,4 млн. сом түштү

18-Окт. 2017, Шаршемби, 11:57

Сентябрь айында унаа салыгын төлөбөгөн айдоочулардан административдик айып пул түрүндө 1,4 млн. сом түштү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, унаа салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо үчүн Салык кызматы сентябрь айынын ичинде 260тан ашык текшерүү рейдин жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында 811 айдоочудан 1,4. млн. сом айып пул алынган. Анын 917 миң сому бюджетке түшкөн.

Өткөн айда унаа салыгынан 146 млн. сом жыйналган. 9 айдын жыйынтыгы менен унаа салыгынан жалпы 747,7 млн.сом чогултулган.

Эскерте кетсек, унаа салыгын төлөө мөөнөтү 4-сентябрда аяктаган. Мыйзамга ылайык салыкты төлөөнү белгиленген мөөнөттөн кечиктирилген учурда 2000 сом айып пул салынат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!