Жолду жарыктандырууда мамлекетке чыгым келтирилген

19-Окт. 2017, Бейшемби, 16:49

Бишкек шаарынан Манас эл аралык аэропортуна барган жолду жарыктандырууда мамлекетке 6,3 млн. сом чыгым келтирилген. Бул тууралуу башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка карганда, текшерүүнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй Транспорт жана жолдор министрлигинин жол чарба департаменитинин кызматкерлери мамлекеттик сатып алуулар ыкмасы менен тандоонун шартына туура келбеген компаниялардын бири менен 74 млн. 996 миң сомго келишим түзгөн.

Ошондой эле жасалган иштер келишимге туура келбегендей бүткөрүлгөн. Бирок иш кабыл алынып, аткаруучу фирмага келишимде аз сумма көрсөтүлгөнүнө карабастан 84 млн. 865 миң сом төлөнүп берилген.

Ушундай көрүнүш менен атка минерлер мамлекетке 6 млн. 324 миң сом чыгым келтирген.

Учурда аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!