​Алайда жол кырсыгынан 4 адам каза болду

30-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 11:11

Алай районунда болгон жол кырсыктан жүргүнчүлөр өмүрү менен кош айтышкан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2017-жылдын 29-октябрында Алай районунда Сары-Таш-Карамык унаа жолунун 30-чакырымында саат 12:50дө "Опел" үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу унааны башкара албай, жолдон чыгып кеткен. Аталган кырсыктын кесепетинен 4 адам каза болуп, 3 адам жабыркаган. Жабыркагандарга медициналык жардам көргөзүлгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!