​Ноябрда жаратылыш газы 14,40 сомго бааланды

1-Ноя. 2017, Шаршемби, 11:44

Ноябрь айында жаратылыш газынын бир куб метри үчүн калк 14,40 сом төлөйт. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” компаниясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми көгүлтүр оттун наркы өндүрүш ишканалары, коммерциялык түзүмдөр жана бюджеттик уюмдар үчүн 17,65 сомго бааланды.

Эскерте кетсек, келишимге ылайык жаратылыш газына болгон тариф ар бир айдын башындагы сомдун долларга болгон курсуна жараша чыгарылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!