​Кыргызстандык жаран аткезчилик менен кармалды

2-Ноя. 2017, Бейшемби, 17:17

Тажикстанда Кыргызстандан аткезчилик жол менен барган жүк кармалды. Бул тууралуу Тажикстандын бажы кызматы кабарлаган.

Маалыматка караганда, Тажикстандын бажы кызматынын кызматкерлери кыргызстандык жаранды 201,6 миң долларлык аткезчилик товар менен кармаган.

Аталган жаран Кытайдан келген темир, пластик жана кездемени 26-октябрда бажы декларациясы жок өткөргөн. Жүк толук бойдон Тажик жаранына таандык болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!