​Өтмөктөгү кырсык адам өмүрүн алды

3-Ноя. 2017, Жума, 09:41

Өтмөк ашуусунда адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Талас областындагы Өтмөк ашуусунда “Матиз” үлгүсүндөгү жеңил унаа кырсыкка кабылып, айдоочусу каза болду. Унаанын ичиндеги жүргүнчү аялга кырсык болгон жерде медициналык жардам көрсөтүлдү. Абалы канатандыраарлык.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!