Унаа каналга кулады, каза болгондор бар

8-Ноя. 2017, Шаршемби, 09:43

Чүй областында авто унаа каналга түшүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 7-ноябрь кечки саат 9да Peugeot маркасындагы жеңил унаа Чоң чүй каналына түшүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 44 жаштагы айдоочу жана 6 жашар бала каза болгон. Ал эми айдоочунун жубайы менен 18 жашар баласы, 5 жаша кызы унаадан чыгып кетүүгө үлгүргөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!