Сокулукта ​бетон плита аялды басып калды

11-Ноя. 2017, Ишемби, 14:41

Сокулук районунун Новопавловка айылында бетон плита адамды басып калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык Новопавловка айылында 10-ноябрда кечке жуук болгон. Автокран бетон плитасын көтөрүп салынып жаткан үйдүн үстүнө коюу максатында айланып жатканда трос үзүлүп кетип коңшу үйдүн үстүнө кулаган. Үйдүн ичинде 3 аял 1 эркек жана кичинекей кыз болгон. Кырсыктын кесепетинен 1 аял каза болгон, калган 4 адам Бишкек шаарынын 4-ооруканасына жеткирилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!