​Оң рулдуу унааларга тыюу салынат

4-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 10:55

Транспорт жана жолдор министрлиги оң рулдуу унааларга эл аралык, шаарлар аралык жана шаардын сыртына коммерциялык максатта жүргүнчү ташууга тыюу салууну көздөйт. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлиги билдирди.

Тийешелүү айрым мыйзам актыларына түзөтүүлөр коомдук талкууга коюулду.

Ошондой эле Транспорт министрлиги автобустардын жана таксилердин айдоочуларына талапты катуулатат. Мындан ары автобустун айдоочуларынын айдоочулук тажырыйбасы 5 жылдан кем болбошу керек. Ачурдагы талап боюнча 3 жыл тажырыйба керек болчу. Ал эми таксилердин айдоочуларынын тажырыйбасы 3 жылдан кем болбошу зарыл. Азыр мындай талап жок.

Ошондой эле 8 орундан 16 орунга чейинки жүргүнчү ташуучу унааларды башкаруучу айдоочуга “D1” категориясын үзгүлтүксүз 5 жылдан кем эмес стажысы бар жашы 23төн жогору болгон жарандарга берүү сунушталып жатат. Учурда бул категорияны 21 жашка толгон 4 жыл стажысы бар айдоочу ала алат.

Эскерте кетсек, оң рулдуу унааларды коммерциялык максатта колдонгондорго айып салууну 2020-жылга чейин жылдырылган. Учурда 2018-жылдын январынан тартып киргизүү сунушталып жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!