​“Акылдуу шаарга” “Huawei” жана “IBM” тартылат

7-Дек. 2017, Бейшемби, 15:12

“Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашырууга кытайлык “Huawei” компаниясы сөзсүз тартылат. Бул тууралуу өкмөт башчы Сапар Исаков маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, “Акылдуу шаар” боюнча өкмөт инвестор менен иштин форматы боюнча келише алган жок. Ал эми 60 млн. доллар салмакчы болгон үчүнчү акционер дагы баш тарткан. Ошондуктан өкмөттө иштешүү форматын кайра карап чыгуу каралган.

“Бул түз инвестициялык келишим болот. Ага Huawei компаниясы катышат. Ал дүйнөдөгү ушул сыяктуу ири долбоорлор менен иш алып барган чоң компания. Технология “Акылдуу Дубай” долбоору сыяктуу болот. Балким андан да жакшы, болушу мүмкүн, себеби биздики азыр ишке ашырылат. Мүмкүн камералары күчтүү болот”, -дейт Исаков.

Кыргызстанда “Акылдуу шаар” боюнча эч ким адис эмес. Ошондуктан мен долбоорго эл аралык деңгээлдеги талаптарды сактоо боюнча техникалык көзөмөлдөө шартын киргизүүнү талап кылгам. Кийин коюулган камераларга сын-пикирлер айтылбасын деген максатта долбоорго “IBM” компаниясы тартылып жатат”,-деп кошумчалап кетти ал.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!