Гүлчөлүктөрдүн саламаттыгына коркунуч жаралууда

19-Дек. 2017, Шейшемби, 13:40

Оштогу Алай районундагы “Гүлчө таза суу” ишканасында экологиялык жана техникалык коопсуздугу сакталбагандан улам, Гүлчө айылынын тургундарынын ден соолугуна коркунуч жаралууда. Бул тууралуу Экологиялык техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, “Гүлчө таза суу” ишканасы ичүүсү таза сууну тазалай турган хлор салбай, таза суу менен камсыз кылуу иш аракеттерине кайдыгерлик мамиле жасап жатат. Бул убакытка чейин Мамэкотехинспекциянын Алай, Чоң-Алай райондору боюнча инспектору Сүйөркул Осмонов бир нече жолу кагаз түрүндө эскертүүлөрдү берген.

Бүгүнкү күндө “Гүлчө таза суу” ишканасынын таза сууну текшерүүдөн толук кандай өткөрбөгөндүгү аз келгенсип, айланасы акыр-чикирге толуп кеткен. Бул кырдаалды тез арада жонго салып, ирээтке келтируу тапшырмасына бир ай мөөнөт берилди.

Ошондой эле тиешеси бар тармактарга каттар жөнөтүлүп, Гүлчө айылын таза суу менен камсыздоо боюнча биргеликте иш алып баруу керектиги билдирилди. Инспекторлордун айтымында, учурдагы кырдаал тез арада жоюлбаса жарандар түрдүү ооруларга чалдыгышы мүмкүн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!