АКШ Камчы Көлбаевди кара тизмеге киргизди

23-Дек. 2017, Ишемби, 14:51

АКШнын Каржы министрлиги Россиянын жана КМШ өлкөлөрүнүн 10 крим төбөлдөрүн кара тизмеге киргизди. Алардын ичинде Кыргызстандын жараны Камчыбек Көлбаев да бар.

“Камчыбек Көлбаев паракорчулукка, адам сатуу иштерине катыштыгы бар деп эсептелет. К.Көлбаев 2011-жылы Дубайда кармалып 2014-жылы бошотулган",- деп айтылат АКШнын Каржы министрлигинин маалыматында.

Бул санкцияда америкалык жарандарды аталган физикалык жана юридикалык жактар менен каржылык же башка операция иштерин жүргүзүүгө тыюу салуу жана алардын АКШнын аймагындагы кандай гана болбосун активин тоңдуруу каралган.

Эскерте кетсек, АКШ 2012-жылы Камчы Көлбаевди дүйнөдөгү ири наркобарондордун катарына киргизген. 2014-жылы АКШнын мамлекеттик департаменти К.Көлбаевдин каржылык кылмыш желесинин жок кылууга көмөктөшө турган маалымат үчүн 1 млн. доллар сыйлык берерин жарыя кылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!