​Кыргыз-кытай чек арасы жабылат

27-Дек. 2017, Шаршемби, 10:13

Кыргыз-кытай чек арасы 1-январга чейин убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кытай тараптын демилгеси менен Кыргыз-кытай чек арасы 2017-жылдын 30-декабрынан 2018-жылдын 1-январына чейин убактылуу жабылат.

Жаңы жыл майрамына карата кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл өткөрмө бекеттери убактылуу жабык болот.

Кыргыз-кытай чек арасындагы бекеттер 2-январдан тарта кайрадан күндөгү режим менен иштей баштайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!