​Сүйүнчү “Балага сүйүнчү” пулу төлөнөт!

30-Дек. 2017, Ишемби, 13:09

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков “Мамлекеттик жөлөк пуладар жөнүндө мыйзам актыларына өгөртүү киргизүү боюнча”Кыргыз республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттик аппаратын маалымат кызматы билдирди.

Аталган мыйзам балдары бар аз камсыз болгон үй бүлөлөр мамлекеттик жөлөк пулга жетүүсүн жеңилдетүү максатын көздөйт.

Мыйзамдын эрежесине ылайык бала төрөлгөндө бир жолу берилүүчү “балага сүйүнчү” жөлөк пулу келе жаткан жылдын 1-январынан тарта бериле баштайт. Алдын ала маалыматтарга караганда сүйүнчү акчасы 4 миң сом өлчөмүндө болот.

Аталган мыйзам 2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.

Эскерте кетсек, бул мыйзам 2017-жылдын 27-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынана кабыл алынган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!