Чуңкурчактан келе жаткан унаа сууга кулады

15-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 12:44

Татыр - Бишкек унаа жолунда түндүктү көздөй бара жаткан Honda Odyssey унаа сууга түшүп кеткен. Бул тууралуу Чүй ЖКККБнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык 14-январь күнү болжол менен саат 17.00дөр чамасында болгон. Honda Odyssey унаасынын 27 жаштагы айдоочусу жүргүнчүлөрү менен Чуңкурчак лыжа базасынан келе жаткан.Татыр айылына жакын жерде жолдун тайгагынан улам унаа оодарылып кетип, сууга кулаган.

Кырсыктын кесепетинен унаанын ичиндеги алты жүргүнчү ар кандай жаракаттарды алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!