​Май ташыган унаа кырсыктады

16-Янв. 2018, Шейшемби, 15:51

Бишкек-Ош унаа жолунун 386-чакырымында 16-январда түшкү саат 14:29 чамасында “DAF” үлгүсүндөгү мамлекеттик күйүүчү май ташычуу унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, унаанын ичинде болжол менен 37 тонна солярка болгон, анын ичинен 2 тоннасы төгүлгөн.

Окуя болгон жерде ӨКМдин Кара-Көл шаардык өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылган. Жабыркагандар болгон жок.

Эскерте кетсек, 15-январда аталган унаа жолунан 2 май ташуу унаа кулап 26 тонна күйүүчү май жерге төгүлгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!