​Голливудда кара жорго бийлеген кыргыз (видео)

17-Янв. 2018, Шаршемби, 15:01

Кыргызстандык жаран Голливуддун жылдыздар аллеясында кара жорго бийин бийледи. Бул тууралуу видео Instagramдын OMKS баракчасында жайгаштырылган.

Видеодон ак калпак кийген кыргыз жигит Майкл Джексонго окшош бийчинин бийин токтотуп кара жорго бийин бийлеп жанында тургандарды бийге кошулууга чакырат. Учурда видеону 140 миң көрүүчү көрдү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!