Таанышынын унаасын 36 миң сомго сатып жиберген

18-Янв. 2018, Бейшемби, 10:33

Бишкек шаарында таанышынын автоунаасын убактылуу сурап алып, сатып жиберген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, кармалган жаран 11-январда “Мерседес-Бенц Е320” унаасын убактылуу айдоо үчүн алган жана аны 36 миң сомго сатып жиберген.

Унаа ээсинин арызы боюнча 1985-жылы туулган К. М. аттуу жаран кармалган.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин алдамчылык беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүнүн башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бар-жогу иликтенип жатат.

Ал убактылуу кармоочу жайга камалып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!