Кыргызгидрометтин билдиргенине караганда,19-январда Кыргызстанда күндүз кээ бир райондордо бир аз кар жаашы мүмкүн, түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Ысык-Көл областында түнкүсүн -4…-9 күндүз 1…6
Нарын областында түнкүсүн -12…-17 күндүз 0…-5
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10 күндүз -1…4
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -6…-11 күндүз -2…3
Ош, Жалал-Абад областтарында түнкүсүн 0…-4 күндүз 2…7
Баткен областында түнкүсүн 0…-5 күндүз 2…7
19-январда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -6…-8 күндүз 1…3 нөлдөн жогору болот.