Жол кырсыгынан 907 киши көз жумган

19-Янв. 2018, Жума, 13:39

Жол эрежесин бузгандыгы үчүн төлөнгөн айып пулдан 2017-жылы 383 млн. сом бюджетке түшкөн. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Ыманалы Саркулов билдирди.

Анын айтымына караганда, 2017-жылы 6 миң 346 жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 907 киши көз жумган, алардын104 жаш балдар. Ал эми жаракат алгандардын саны 7,6 пайызга көп болгон.

Жол кырсыктарынын басымдуу бөлүгү 66,4 пайызы калктуу пунктарда, 33,1 пайызы эл аралык денгээлдеги жолдордо, 2,9 пайызы республикалык денгээлдеги жолдордо, 3,6 пайызы жергиликтүү жолдордо ишке ашкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!