Батирден адамдын жансыз денеси табылды

19-Янв. 2018, Жума, 14:11

Кара-Балта шаарында батирден бир адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бидирди.

Маалыматкакараганда, 18-январда 18:36да ӨКМнин өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Кара-Балта шаарынын Коммунистический көчөсүндө жайгашкан 15-үйдүн, №36 батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен.

Батирдин ичинде 1961-жылы туулган жарандын жансыз денеси табылган. Маркумдун денеси ИИМнин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!