​Кышкы оюндардын кайрымдуулук фестивалы өтөт

19-Янв. 2018, Жума, 16:16

Кыргызстанда “Кыргызстан тоо лыжа жана кышкы эс алуунун өлкөсү” IX кайрымдуулук фестивалы болот. Бул тууралуу фестивалдын уюштуруучулары билдирди.

Алардын айтымына караганда, фестиваль 3-февралда “ЗИЛ” лыжа базасында өтөт. Аталган иш чаранын негизги максаты элдин аялуу катмарына социалдык керектүү кайрымдуулук жардамын көрсөтүү жана Кыргызстанды кышкы спорттун, туризмдин жана кышкы ойундардын өлкөсү катары көргөзүү. Ошондой эле элди дени сак активдүү жашоо образына үгүттө.

Уюштуруучулардын айтымында, буга чейинки иш чарадан түшкөн каражат элдин социалдык аялуу катмарын колдоого жумшалган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!