Февралда аба ырайы кандай болот?

19-Янв. 2018, Жума, 17:25

Кыргызгидрометтин билдиргенине карганда, февраль айында өлкөдө абаны температурасы күндүзү +10 +15 жылуу болуп, түнкүсүн -10го чейиз аяз болушу мүмкүн.

Чүй областынын дыйканчылык аймактарында

Февраль айынын ичинде абанын температурасы климаттык норманын тегерегинде болуп 1..3 градус болушу күтүлөт. Кемин аймагында жана тоого жакын жайгашкан жерлерде 4...6 градус болот.

Ай ичинде абанын температурасы өзгөрүп турат. Түнкүсүн -4 ...+1ден 5...10 градуска чейин жетет. Тоолу жерлерде түнкүсүн 15 градуска чейин муздайт. Күндүзү 10-15 градуска чейин жылыйт.

Таластын дыйканчылык зооналарында

Айдын орточо температурасы климаттык норманын айланасында болуп. 2...4 градус аяз болушу күтүлөт.

Абанын температурасы кез кез өзгөрүп турат. Түнкүсүн 3...8ден 11...16 градуска чейин төмөндөйт. Күндүзү 7...12 градуска чейин жылыйт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткендин дыйканчылык аймактары

Абанын орточо температурасы климаттык нормадан 1 градуска жогору болуп 0...2 грардус болушу мүмкүн, тоолу жерлерде болсо 0...2 градуска суук болот. абанын температуурасы өзгөрмөлүү болуп түнкүсүн 2 градус сууктан 3..8 градуска чейин жылыйт. Күндүзү 10..15 градуска чейин көтөрүлөт

Ысык-Көл дыйканчылык аймагында

Айдын орточо температурасы климаттык норманын айланасында болуп, 3 градус аяз болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы өзгөрүп турат. Түнкүсүн 3...8 градустан 5...10 градуска чейин суук болот. Ысык-Көлдүн ойдуңунда түнкүсүн 15 градуска чейин муздайт. Күндүзү 1...6 градуска чейин жылыйт.

Нарын дыйканчыык аймагында

Айдын орточо температурасы климаттык норманын айланасында болуп, 11...13 градус аяз болушу күтүлөт. Кочкор аймагында 5...7 градус суук. Ай ичинде абанын температурасы өзгөрүп турат. Түнкүсүн 13...18 градустан 22...27 градуска чейин суук болот. Ат-Башыда түндөсү 25...30 градуска чейин суук болот.

Жайлоо зоналары

Алай аймагы

Айдын орточо температурасы климаттык норманын айланасында болуп, 13...15 градус аяз болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы өзгөрүп турат. Түнкүсүн 18...23 градустан 25...30га чейин муздайт. Күндүзү 11...16 градуска чейин жылыйт.

Суусамыр жайлоосу

Айдын орточо температурасы климаттык норманын айланасында болуп, 17...17 градус аяз болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы өзгөрүп турат. Түнкүсүн 20...25 градустан 28...33га чейин муздайт. Күндүзү 10...15 градуска чейин жылыйт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!