Мас айдоочу өлтүрө сүзүп качып кеткен

22-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 16:49

Бишкек шаарында мас айдоочу жөө жүргүнчүнү сүзүп. Кырсык болгон жерден изин жашырып кеткен. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, 20-январда кечки саат 7.30дар чамасында Садырбаев менен Түштүк магистралдын кесилишинде мас айдоочу 55-60-жаштардагы жаранды сүзүп кеткен. Кырсыкка кабылган жаран алган жаратынан эсине келбей каза болгон.

Изи сууй элегинде кырсыктын күнөөкөрү 29 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну кармалган. Анын канына анализ жүргүзгөндө канында алкогол бар экени белгилүү болгон.

Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!