Өспүрүмдөр катышкан 133 кылмыш болгон

23-Янв. 2018, Шейшемби, 12:16

Өткөн жылы жашы жете электер тарабынан 133 кылмыш жасалган. Бул тууралуу “Экстремизм, терроризм жана кылмыштуулукка жол жок” форумунда айтылды.

Маалыматка караганда, 2017-жылы жашы жете электер тарабынан жасалган кылмыш 2016-жылга салыштырмалуу 17ге аз катталган. Учурда республиканын бардык мектептеринде жашы жете электер ортосунда кылмыштуулук өсүүдө. Ошондой эле жашоо шарты оор болгон балдардын арасында баңгизатын колдонуу фактылары да кездешет.

Эскерте кетсек, Бишкекте балдардын экстремизм-терроризмге аралашуусуна бөгөт коюу, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча форум өттү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!