Россияда кыргызстандыктар киши өлтүргөн

Россияда кыргызстандыктар киши өлтүргөн
23-Янв. 2018, Шейшемби, 13:33

Россиянын Березники шаарында 3 кыргызстандык жаран киши өлтүрүү беренеси боюнча соттолууда. Бул тууралуу “Комсомольская правда” гезити кабарлады.

Маалыматка караганда, 2016-жылдын август айында кыргызстандык жарандар менен жергиликтүү тургундардын ортосунда чыр чыгып, мушташка айланып. Анын кесепетинен жергиликтүү жаран таяктан каза болот.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жыйынтыгында кылмышка катышкандар аныкталып. 5 кыргызстандык күнөөлү деп табылган, алардын экөө издөөдө, калган үчөөнө 5 жылга кесүү тууралуу соттун чечими чыкты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!