​Автобус басып калган жарандын сөөгүн жеткиришет

23-Янв. 2018, Шейшемби, 14:18

Унаага басылып каза болгон кыргызстандык жарандын сөөгүн мекенине жөнөтүүгө даярдыктар жүрүп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.

Маалыматка караганда, Санкт-Петербург шаарында каза болгон 1980-жылы туулган жарандын сөөгүн Кыргызстанга алып кетүүгө анын туугандарына элчилик тарабынан жардамдар көрсөтүлөт.

Эскерте кетсек, Санкт-Петербург шаарынын Фрунзе районунда автобуска басылып калган айдоочу оор жаракат алып ошол жерден жан берген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!