Күйүүчү май куючу жай буздурулат

23-Янв. 2018, Шейшемби, 15:33

Токмок шаарынын Горький көчөсүндөгү “Брент” май куючу жайын буздуруу талабы коюлду. Бул тууралуу Экологиялык техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган май куючу жайынын ээлери толук кандуу уруксат кагаздары жок, суу өтүүчү коллектордун түйүнүн бууп, Мамлекеттин жерине май куюу жайын мыйзамсыз куруп алган.

"Мамэкотехинспекциянын Суу ресурстарын жана объектилерин коргоо башкармалыгынын инспекторлорунун териштирүүсүндө, олуттуу кемчиликтер аныкталып, май куючу жайды буздуруп, жерди баштапкы абалына келтирүү талабы коюлду. Инспекторлордун айтымында, коллектор өткөн жердин аймагына курулуш иштерин жүргүзүү мүмкүн эмес. Себеби, топтолгон суулар ушул коллектор аркылуу өтөт. Ал эми “Брент” май куюучу жайдын айынан суунун агып кетүүсү мүмкүн болбой, айрым аймактарды суу каптап жатканын адистери кошумчалайт",-деп айтылат маалыматта.

Учурда Мамэкотехинспекциянын инспекторлору тарабынан “Брент” май куючу жайына байланыштуу баардык материалдарды чогултулуп жатат. Материалдар чогултулуп бүткөн соң, укук коргоо органдарына өткөрүп берүү аракети көрүлүүдө. Өз кезегинде Мамэкотехинспекция инспекторлору “Брент” май куюучу жайы толугу менен буздурулмайынча катуу көзөмөл кылып турушат


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!