​24-январь: айрым аймактарда кар жаайт

24-Янв. 2018, Шаршемби, 08:58

Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде бир аз кар жаашы күтүлөт, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Түндүк-батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Ысык-Көл областында түнкүсүн -3…-8 күндүз -2…+3

Нарын областында түнкүсүн -20…-25 күндүз -11…-16

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -10…-15 күндүз -3…-8

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -10…-15 күндүз -1…-6

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5 күндүз 1…6

Баткен областында -1…-6 күндүз 1…6

24-январда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -11…-13 күндүз -5…-7 суук болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!