​Чайканадан өрт чыкты

24-Янв. 2018, Шаршемби, 09:41

23-январда Ош облусунун Ноокат районунун Зулпуев айыл аймагындагы чайканалардын биринде өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматкак караганда, чайканадан чыккан өрттү өчүрүүгө саат 17:55тен баштап 3 бөлүм тартылган. Өрт саат 21:20 чамасында толук өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен жабыр тартып, ооруканага жана тез жардам бөлүмүнө кайрылгандар болгон жок. Учурда келтирилген чыгым такталууда.

Өрт эмнеден улам чыкканы тууралуу азырынча эч кандай маалымат жок.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!