​5-кабаттан кулаган наристе чарчап калды

24-Янв. 2018, Шаршемби, 10:37

Ош шаарында кабаттуу үйдүн терезесинен кулаган наристе чарчап калды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 23-январь күнү саат болжол менен 15.50 чамасында Ош шаарынын Кулатов кичи шаарчасындагы көп кабаттуу үйдүн бешинчи кабатынан беш жаштагы бала кулап кетип жан берген.

Окуя болгон учурда баланын атасы жумушта болон. Ал эми апасы балабакчадан кызын алганы кеткен. Кошуналар наристенин ашкананын ачык турган терезесинде турганын көрүшкөн. Бирок кырсык болуп кетет деп ойлошкон эмес.

Ушу тапта окуяны Ош шаардык ички иштербашкармалыгынын тергөө кызматы териштирип жатат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!