ӨКМ күчөтүлгөн иш тартибине өттү

25-Янв. 2018, Бейшемби, 10:59

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги абанын темпратурасы кескин төмөндөшүнө байланыштуу 24-январдан тарта күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

ӨКМдин алдындагы Гидрометеорология агенттигинин божомолуна ылайык, 26-30-январь күндөрү катуу суук болуп, үшүк жүрүп, кар көчкүлөр болушу ыктымал.

Буга байланыштуу өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча күч жана каражаттардын даярдыгын камсыз кылуу үчүн кошумча чаралар көрүлүп, анын кесепеттерин жоюу жана издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн өздүк курам керектүү жабдуулар менен камсыздалды.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!