​Кыргызстандык жүргүнчүлөр суукта жолдо калды

25-Янв. 2018, Бейшемби, 12:01

Кыргызстандык жүргүнчүлөрү бар Россиядан келе жаткан автобус Казакстандын аймагында бузулуп суукта жолдо калды. Бул тууралуу “Казинфо” маалымат агентиги билдирди.

Маалыматка караганда, Россиядан келе жаткан Жалал-Абад – Пермь – Москва каттамындагы автобус Екатеринбург – Алмата жолунда бузулуп калган. Унаанын ичинде 21 кыргызстандык жаран болгон.

Жүргүнчүлөр жергиликтүү аткаруучу бийликтин жардамы менен эвакуацияланып Астрахан айылынадагы мектепке жеткирилген. Жоготуулар болгон жок.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!