​Небересин күйөөгө берген чоң эне соттолду

25-Янв. 2018, Бейшемби, 12:42

Араван районунда 16 жаштагы небересин турмушка узаткан чоң эне шарттуу түрдө соттолду. Бул тууралуу Ош областык сотунан билдирди.

Маалыматка караганда, кыздын туугандары 2017-жылы кызды күйөө беришкен. Ал 2018-жылы көз жарган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Кызы келечектеги күйөө баласы менен сүйлөшүп жүргөндүгүн айткан чоң эне күнөөсүн мойнуна алган. Күйөө баласы Россияда иштеп жүргөндүктөн анын макулдугун телефон аркылуу алышкан. Учурда кыз кайын энеси менен жашап жатат.

Араван районун соту кыздын чоң энеси менен кайын энесин күнөөлүү деп тапкан. Алар 3 жылдык мөөнөткө шарттуу түрдө кесилишти. Ошондой эле алардын никесин кыйган молдо да кылмыш жоопкерчилигине тартылып, шарттуу жазага тартылды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!