Ош облусунун Кара-Суу районунда 8-класстын окуучусу асынып алды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 23-январь күнү Баш-Булак айылында болгон. Асынып алган бала таежесинин колунда турчу.
Анын ата-энеси Россияда иштеп жүрүшкөн. Учурда бул ишке түрткү болгон себептер иликтенип жатат.