26-январь: айрым аймактарга кар жаайт

26-Янв. 2018, Жума, 11:11

Кыргызгидрометтин билдиргенине ылайык 26-январда өлкөнүн айрым жерлеринде бир аз кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорун туман каптайт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана кээ бир тоолуу райондордо 17-22 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -7…-12;

Таласта түнкүсүн -13…-18, күндүз -4…-9;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…4;

Баткенде түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…4;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -7…-12, 0…-5;

Нарын облусунда түнкүсүн -20…-25, -13…-17 градус суук болот.

Бишкекте 26-январда кар жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -20…-24, күндүз -8…-12 градуска чейин төмөндөйт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!