Пенсионер баңгизат менен кармалды

26-Янв. 2018, Жума, 16:50

Бишкекте милиция кызматкерлери жанында баңгизат алып жүргөн 71 жаштагы пенсионерди кармашты. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз билдирди.

Маалыматка караганда, аталган жаран 25-январда шаардагы кичи райондордун биринде кармалган. Анын жанында 991,4 грамм баңги заты табылды. Кармалган жаран мурда да ушуга окшош кылмыш боюнча соттолгон.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!