​Темир Жумакадыровдун өлүмү боюнча сот уланууда

30-Янв. 2018, Шейшемби, 15:39

30-январда Москва райондук соту мурдагы вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун өлүмүнө себеп болгон жол кырсыгына байланыштуу ишти кароону улантты. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, сотто прокурор Т.Жумакадыровдун автоунаасы менен кагышкан жүк ташуучу машиненин айдоочусу Афтандил Таалайбек уулунун күнөөсү далилденгенин айтып, аны он бир жыл жатак абакка кесүүнү сураган.

Кийинки соттук отурум 2-февралда уланат. Анда айыпталуучуга акыркы сөз берилип, чечим кабыл алынат.

Эскерте кетсек, 2017-жылы 7-октябрында Бишкек-Чалдыбар жолунда “Тойота -Лэнд Крузер” автоунаасы “КамАЗ” менен кагылышып, вице-премьер министр Темир Жумакадыров, анын жардамчысы Нурлан Жамгырчиев жана айдоочусу Нурбек Мукановказа болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!