3-февраль: айрым аймактарда кар жаайт

2-Фев. 2018, Жума, 14:56

Эртең 3-февралда Ысык-Көл, Нарын облустарында күндүз айрым аймактарда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Ошондой эле Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы мүмкүн. Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3…-8, күндүз -1…+4;

Нарында түнкүсүн -17…-22, күндүз -4…-9 градус суук.

Чүй, Талас облустарында түнкүсүн -2…-7, күндүз -3…+2;

Баткен облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +1…+6;

Ош , Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз +2…+7;

Бишкекте 3-февралда күндүз айрым жерлерге кар түшүшү мүмкүн. Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6°, күндүз 0…+2° жогорулайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!