​Кызды сүзүп качып кеткен

5-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 14:00

Аламүдүн районунда жолдон өтүп бара жаткан кызды сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, кырсыкка шектүү катары 40 жаштагы Арашан айылынын тургуну кармалган. Ал Хонда HRV унаасын короосуна катып койгон. Учурда унаа айып төлөөчү жайга токтотулуп, катталган окуя боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.

Эскерте кетсек, 3-февралда болжол менен саат 19:45 чамасында Кой-Ташта белгисиз унаа кызды сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!