​Үйдөн үч кишинин сөөгү табылды

5-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 16:37

Кочкор-Ата шаарындагы үйлөрдүн биринен үч кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясы билдирди.

Маалыматка караганда, каза болгон адамдар үйдүн ээси болгон 64 жаштагы адам, анын жубайы 58 жаштагы аял жана Ноокен районун 52 жаштагы тургуну экени такталды. Алар үйдөгү газга ууланып каза болушу мүмкүн.

Факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!