6-февраль: айрым аймактарда кар жаайт

6-Фев. 2018, Шейшемби, 08:49

Бүгүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым райондорунда кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы

Ысык-Көл облусунуда -3 градус сууктан 2 градуска чейин жылыйт.

Нарын облусунда сууктун күчү -7…-12 градуска жетет.

Чүй өрөөнүндө -2…-7, Таласта -3…-8 градус суук болот.

Ош, Жалал-Абад жана Баткенде күн 0…5 градус жылуу болсо,

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаап, -3…-5 градус суук,

Ошто 1…3 градус жылуу болот.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!