​Россияда жоголгон баланын сөөгү табылды

7-Фев. 2018, Шаршемби, 15:34

Россиянын Санкт-Петербург шаарында 26-январдан бери изделип жаткан 11 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Россиянын жергиликтүү маалымат каражаттары билдирди.

Маалыматка караганда, Россиянын Ички иштер министрлигинин ыкчам изилдөө иштеринин натыйжасында өспүрүмдүн сөөгү 6-февраль күнү “Купчино” метросу тараптагы ээн жерден табылган. Өспүрүм муунтулуп өлтүрүлгөнү белгилүү болгон.

Тергөөнүн алдын ала ыктымалы боюнча, өспүрүмдү арыздануучунун күйөө баласы өлтүргөн.

Эскерте кетсек, 26-январь күнү баланын атасынан уулунун жоголгону тууралуу арыз түшүп, кылмыш иши козголгон. 5-февралда кылмышка шектүү катары өспүрүмдүн 39 жаштагы апасы жана арыздануучунун 1995-жылы туулган күйөө баласы кармалган

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!