​Күйөөсүнөн таяк жеп каза болду

9-Фев. 2018, Жума, 13:42

Жайыл районунда аял күйөөсүнүн таягынан көз жумду. Бул туурасында Чүй облустук милициясы билдирди.

Маалыматка караганда, каза болгон аял 39 жашта болгон. Ал Жайыл райондук ооруканасында жан берген.

Жайыл райондук милициясына 6-февралда 35-40тар чамасындагы аял бычак жеп, ооруканага жеткирилгендиги тууралуу кабар түшкөн. Тартип сакчылардын ыкчам тобу ооруканага барып, окуянын чоо-жайын иликтеп, анын мас күйөөсү тарабынан сабалганын аныктаган.

6-февралда кечки саат 22:00дөрдө күйөөсү чыр чыгарып, андан соң кол көтөрүп, бычак менен сайып жиберген.

Факты боюнча Кылмыш кодексинин 104-беренесинин негизизде кылмыш иши козголгон. Милиция издеп барып, 45 жаштагы кишини өзүнүн эмес, туугандарынын үйүнөн таап, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!